Кымбаттуу Айгул Бакеева!

Feb 11, 2010 16:45

Сиз мен жонундо "Назар" гезитине жазган пикиринизди окуп алып, уялганыман жер таба албай калдым!

Журналымды кыргызстандыктар жата калып окушаарын эч билбептирмин.  Оюмда, Кыргызстандан бул журналга доступ жок болуш керек деп жургом.

Жылуу созунуз учун ыракмат!

Мындан кийин созсуз бул журналга бат баттан жазып турам,

деп Эдил


"Назар", 9.02.2010
Эдил Байсалов
"Бала кезде "актар", "кызылдар" деген оюн ойночубуз, азыркы саясий кырдаал ошол кезди элестетет" деп өзү айткандай, Эдил мырза Швециядан батыл үн катып атат. Чет өлкөдө жашырынып жүргөн саясатчылардын арасынан эң активдүүсү деп айтсак болоор. Анын интернет журналы бүгүнкү күндөгү жаштар да, улуулар да көп кирген баракча. Андагы суроолор, жооптор өзүнчө эле патриоттордун, бүгүнкү жаштардын эле эмес, бардыгынын көйгөйү. Кезинде шайлоо бюллетендерин интернет баракчасына чыгара коюп, чоң саясаттан жыдып кеткен Эдил мырза бүгүн активдүү иштеп, андагы жаңылыктарын, Кыргызстандагы саясаттын күнгөй- тескейин чемичкедей чагып жатат. Эдилдин интернет баракчасында азыркы күндөгү көпчүлүк жата калып окуган материалдар, мисалы Сыргак Абдылдаевдин журналист Павлюктун өлүмүнөн кийин жазылган ачык каты да жарыяланганын айтсак жетиштүү болоор

блоггинг, пресса

Previous post Next post
Up